Улуу Британияда Оксфорд университети "AstraZeneca" фармацевтикалык компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан коронавирустук вакцинасы менен дүйнөдө биринчи болуп Британиянын 82 жаштагы жараны Брайан Пинкер эмделди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Иштелип чыккан вакцина менен эмдөө Улуу Британиянын өкмөтү тарабынан бекитилген. Вакцина менен массалык эмдөө процесси 4-январда башталды. Эмделген карыя Оксфорддогу университеттин медициналык борборуна жаткырылып, бөйрөк оорусунан улам диализден өтүп жаткандыгы маалымдалат.
"Декабрь айынын аягында Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок "AstraZeneca" вакцинасы менен бүтүндөй калк эмделерин, ал үчүн 100 миллион доза вакцина жетиштүү болорун билдирген", - деп жазылат маалыматта.