2021-жылга карата республикалык бюджет бекитилди

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

"Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 172 891,6 миллион сом суммасында жана чыгашалар боюнча 181 354,8 миллион сом суммасында бекитилди. 2020-жылга республика бюджетинин тартыштыгынын чектөө өлчөмү 8 463,2 миллион сом суммасында белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан