Орусияда атасы кызын ыйлаганы үчүн муунтуп салган

Кыздын 23 жаштагы атасы сурак берип жатат

Крымдын жашоочусу кызын ыйлаганы үчүн өлтүрүп, андан кийин ымыркайдын сөөгүн милицияга кокустук катары өткөрүп берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

"Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин "билип туруп, жардамга муктаж жашы жете элек адамды өлтүрүү" пункту боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ымыркайдын денесинде зомбулук менен өлүмдүн тышкы белгилери болгон эмес.

Кыздын денесин медициналык текшерүүдөн өткөргөндө, ал муунтулуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Кармалган атасы кызы ыйлай бергенинен улам аны муунтуп салганын моюнуна алган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulizaa
2021-01-05 11:44:23
Озу да ата болгонун билбей калган го.Ошондуктан баары даяр болгондо уйлонуш кк ,бир семьянын ответственностун алганга.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан