Беларуста 2021-жылы "Улуттук биримдик" жылы деп жарыяланды

Беларусь өлкөсүндө 2021-жыл "Улуттук биримдик" жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Басылманын маалыматына ылайык, тиешелүү буйрукка президент Александр Лукашенко кол койгон.

"Президент Александар Лукашенко 2021-жылды "Улуттук биримдик" жылы деп жарыялоо боюнча буйрукка кол койду. Бул чечимдин максаты - беларусь элинин ынтымагын бекемдөө", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 9-августта өткөн шайлоодо Беларусь өлкөсүнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоонун жыйынтыгы боюнча 80,23 пайыз добушка ээ болуп, алдыга озуп чыккан.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, бара-бара массалык акцияга айланып кеткен. Азыркы убакытка чейин аталган акциялар тыйылбай келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан