Британиянын премьер-министри Борис Джонсон коронавирус пандемиясынын айынан өлкөдө үчүнчү карантин киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Коронавирустун жаңы түрү үрөй учурарлык ылдамдыкта жайылып баратат. Коопсуздук үчүн чара көрүү керек. 5-январдан баштап, англис тилиндеги мектептер аралыктан иштөөгө өтүүдө. Негизги кесиптердин өкүлдөрүнүн балдары гана мектепке барып окуй алышат. Мисалы, дарыгерлер, социалдык тармактагы кызматкерлер, өрт өчүрүүчүлөр, полиция кызматкерлери жана сатуучулардын балдары. Жарандарга үйдөн сейилдөөгө, дарыгерге же дүкөнгө гана чыгууга уруксат берилет. Өнөкөт оор дартка чалдыккандарга үйдөн чыкпоо сунушталат", - деп билдирген премьер-министр.
4-январга карата Улуу Британияда коронавируска чалдыккандардын саны пандемия башталгандан бери
58 миң 784кө жетип, рекорддук көрсөткүчтү көрсөткөн. Өткөн аптада күнүнө 50 миңден ашуун адам күн сайын
вирусту жуктурган учурлар катталгандыгы жазылат малыматта.