Иран мамлекети "Фордо" өндүрүүчү жайда уранды жылына 20 пайызга чейин өндүрүү процессин баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнүн расмий өкүлүнүн билдирүүсүнө таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Иран бийлиги жылына кеминде 120 килограмм уран өндүрүүнү пландап жатат. 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимге кошулган мамлекеттер өз милдеттерин алдыңкы 3 ай ичинде кайрадан аткара баштаса Иран бийлиги уран өндүрүүдөн баш тартышы мүмкүн.
"Дональд Трамп бийликке келери менен АКШ Иранды макулдашылган шарттарды аткарбай жатат деп айыптап, өзөктүк келишимден чыгуу ниетин билдирген. Бул формалдуу түрдө 2020-жылы ишке ашып, АКШ Иранга карата санкцияларын бир тараптуу калыбына келтирген", - деп жазылат маалыматта.
АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден буга чейин Иран менен жогоруда аталган келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүүгө даяр экенин кыйыткан. Өзөктүк келишимге ылайык, Иран мамлекети уранды байытууну 3,67 пайыздан ашырбашы керек эле. Акыркы айларда өлкө бул деңгээлди 4,5 пайызга чейин жеткирген.