АКШнын Лос-Анжелес шаарында жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок бейтаптарды ооруканага алып келбөө, ошондой эле кычкылтек берүүнү токтотуу сунушталды. Мындай кадам үнөмдөө максатында жасалууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Тез жардам" кызматына алар кычкылтек берүүчү аппараттарды үнөмдөөсү жана аны бир гана бейтаптарга берүү тууралуу буйрук беришкен.
Коронавируска байланыштуу ооруканалар бейтаптарды толук кандуу айыга электе эле чыгарууга аргасыз. Маалыматтарга караганда, аталган шаардын ооруканаларында абал оор. Байкоолорго караганда, жакынкы жумада абал мындан дагы татаалдашы мүмкүн, буга Жаңы жыл күнү коронавирус жуктуруп алгандар себеп болот", - деп айтылат маалыматта.
"Көптөгөн ооруканалар кризистик абалга жетип, бейтаптарды кароого келгенде өтө катаал чечимдерди кабыл алууга аргасыз болушат", - деп билдирген Лос-Анжелес шаарынын саламаттыкты сактоо кызматынын башчысы Кристина Гали.
Анын айтымында ооруканаларга бейтаптардын көп кайрылуусу АКШда ноябрь айында белгиленген "Ыраазычылык күнүнөн кийин" көбөйө баштаган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, АКШда 20 миллион 900 миң адам коронавирус илдетин жуктуруп алган. Бул көрсөткүч күнүнө 196 миң адамга туура келет.