"Даңазалуу доор" телесериалындагы актриса Мерьем Узерли кош бойлуулугунун акыркы жумасындагы сүрөттөрүн өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.
37 жаштагы Мерьем Узерли учурда экинчи наристесин күтүп жатат. Тун кызы Лара азыр 6 жашта.
Актриса экинчи кош бойлуулугу тууралуу бир нече ай жашырып жүрүп, сентябрь айында гана коомчулукка айткан. Ошондой эле ал балдарынын аталары тууралуу такыр маалымат бербейт.
Бирок чет элдик басылмалар Мерьем Узерли улуу кызын жарандык никедеги жолдошу түркиялык бизнесмен Жона Атештен төрөгөнүн, бирок алар кызы жарыкка келгенге чейин эле эки башка жолго түшүп, учурда актриса кызын өзү жалгыз тарбиялап жаткандыгын жазышкан.
Ал эми экинчи наристесинин атасын актриса азырынча сыр кылууда. Ал болгону сүйүктүүсү америкалык экендигин жана Мерьем Узерли үчүн Германияга көчүп келгендигин гана айткан.