Бүгүн, 6-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 86 миллион 379 миң 672 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 48 миллион 417 миң 799 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 867 миң 585 адам илдеттен каза болгон.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 21 миллион 44 миң 20 болду. 357 миң 156 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 356 миң 844 адамдан аныкталды. 149 миң 850 адам каза болсо, 9 миллион 975 миң 958 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.