Америкалык жылдыз Ким Кардашьян менен Канье Уэст ажырашууну чечти

Америкалык реалити-шоу телекөрсөтүүсүнүн жылдызы Ким Кардашьян жана музыкант Канье Уэст 6 жылдык үй-бүлөлүк жашоосунан кийин ажырашууну чечишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Жылдыздар ажырашуу боюнча буга чейин бир нече ирет талкуулашкан. Жубайлар өз-өзүнчө жашап, Жаңы жылдык майрамды дагы чогуу өткөрүшкөн эмес. Ажырашууну чечишкен жылдыздардын үй мүлкү чоң маселе жаратышы мүмкүн. Себеби алардын Калабасас шаарындагы үйүнө жалпысынан 60 миллион долларга жакын акча коротушкан. Кардашян үйдү өзүнө жана балдарына калтырууну каалайт", - деп жазылат маалымат булактарында.

Ким Кардашьян менен Канье Уэст 2014-жылы баш кошушкан. Жубайлар төрт баланы тарбиялап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
faraon312
2021-01-06 19:35:53
Кызыгы кетиптир да..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан