Тажикстанда коопсуздук үчүн шаардагы жолбун иттерди атууга буйрук берилди

Тажикстандын Бохтар шаарында көчөдөгү жолбун иттерди атууга буйрук берилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Тажикстанда буга чейин өлкөнүн социалдык тармактарында массалык түрдө өлтүрүлгөн жолбун иттерди өрттөө тууралуу тараган маалымат талкууга алынган. Хатлон шаарынын администрациясынын башчысы Зафар Гиёсов маалыматты тастыктап, шаардын коммуналдык кызматтары калктын коопсуздугу үчүн жолбун иттерди атып жатышкандыгын билдирген.

"Бизде башка жол жок. Шаар тургундарына жана балдарга иттердин кол салгандыгы тууралуу шаар мэриясына жана Ички иштер министрлигине арыздар түшүүдө. Ошондой эле айылдардын төрагалары бизден жолбун иттерди жок кылууну өтүнүшүүдө", - деп түшүндүргөн Гиёсов.

Жолбун иттерди атып өлтүрүү боюнча атайын уюшулган комиссиянын негизинде жалпы 12 мергенчи дайындалган. Алар операция жүргүзүлө турган аймакка бир күн мурда эскертүү беришип, эртең менен саат 04:00дө жолбун иттерди атып башташат. Бул көрүнүшкө өлкөнүн жарандары каршылаш пикирлерин билдиришүүдө. Өлкөдө буга чейин жалпы 703 жолбун ит өлтүрүлгөн. Учурда Тажикстанда камкор адамдардын жеке каражаты менен ачылган жолбун иттерге убактылуу баш калкалоочу жайлардын бир, экөө гана бар экендиги жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан