АКШнын баш калаасында Дональд Трамптын тарапкерлеринин митинги полиция менен кагылышууга алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Жо Байденди президенттик кызматка бекитүү үчүн сенат жана өкүлдөр палатасы иштеп жаткан күнү Трамп шайлоонун жыйынтыгына каршы митингге чыккан. Натыйжада Дональд Трамптын тарапташтары коштогон митинг полиция кызматкерлери менен чоң кагылышууга алып келген.
Буга чейин Дональд Трамп Грузияда сүйлөп жатып, "Ак Үйдү демократ Жо Байденге өткөрүп бербейм" деп убада берген.