Кыргызстанга Казакстандан 6 айда 23,3 миллион доллар инвестиция салды

Кыргызстанга 2013-жылдын 6 айында Казакстандан келген инвестициянын көлөмү 1,2 эсеге жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 6 ай ичинде Кыргызстанга Казакстан 23,3 миллион доллар түз инвестиция салган. 2012-жылдын 6 айындагы көрсөткүч 19,2  миллион долларды түзгөн. Инвестициянын басымдуу бөлүгү  51,5 пайызы каржы ишмердүүлүгүнө, 20,4 пайызы унааларды оңдоо, күнүмдүк тиричилик буюмдарын жасоого, 15,5 пайызы тоо-кендерин иштетүүгө жумшалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан