Түркиянын президенти КРнын Маданият министри Султан Раевди кабыл алды

Түркиянын президенти Абдулла Гүл 2-октябрь күнү  Анкарадагы резиденциясында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу 3-октябрда аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты. Президент Гүл Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий алакалардын өнүгүшү бекемделип жатканын, маданий-гуманитардык тармакта кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Султан Раев 1-2-октябрь күндөрү Анкарада Эл аралык түрк маданиятынын 20 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

 

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан