Белгилүү америкалык актёр Валентина Шевченкого арнап пост жазды

Белгилүү америкалык актёр Микки Рурк UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченкого арнап пост жазды. Шевченкого карата ыраазычылык сөздөрүн актёр социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялаган.

Анда актёр Шевченконун өнөрүнө көп жылдардан бери суктанып келерин билдирген.

"Сенин мушташтагы техникаң жана IQ'куң укмуштуудай. Көп жылдар бою бийиктикте жүрүү - легендарлуу. Мага сенин жеңиштериңден кийинки бийлериңди көргөн жагат. Ушундай нукта уланта бер. Сага ак батамды берип, ыраазычылылыгымды билдирип жатам, урматым менен Микки" - деп жазган ал.

Маалым болгондой, Микки Рурк бокс жана аралаш мушташ өнөрүнө кызыгып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Usmanbekali
2021-01-06 23:26:40
Оо шумшук суйуусун билдиргиси келип, алыстан кайырмак таштап отуптур,жакындаганга духу жэтпей...
+4
Kyrc...
2021-01-07 06:33:05
Америкалыктар да ак бата бергенди билет бекен, Микки Баткендик окшойсун?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан