Түштүк Батыш Азияда жайгашкан Йемен мамлекети дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөргө кирет. Йеменде 6 жыл бою жарандык согуш жүрүп келген. Анын кесепетинен биринчи кезекте жаш балдар жабыр тартып келет. Жаш балдар өлкөдө жаралган экономикалык кризистен улам тыңгылыктуу тамак жей алышпайт. Мындан улам ал жакта ачарчылык орун алганын дүйнөлүк басылмалар байма-бай жазып келишет.
Йемен тууралуу акыркы маалыматтардан 7 жаштагы Фаид Самимдин кейиштүү абалы көзгө урунду.
Түрктөрдүн ТРТ аваз каналы бул бала тууралуу чакан ролик жарыялаган. Анда 7 жаштагы бала болгону 7 килограмм салмакта экени жазылат.
"Фаид Самим 7 жашта, бирок анын салмагы болгону 7 килограммды түзөт. Баласын сактап калуу үчүн Фаиддин ата-энеси 160 чакырым жолду көзөмөл өткөрүү пунктун ашып өтүп келүүгө туура келди. Йемендеги 6 жылдык согуштун кесепети гуманитардык кризиске алып келди. Ал эми 2020-жылы ага кошумча коронавирус, чегирткелердин көбөйүп кетиши, суу ташкындоолор өлкөдө жаралган ачарчылыкты күчөтүп жиберди. Баланы карап жаткан дарыгер Фаид баштагыдан жакшы болуп калганы менен ДЦП менен жабыркап, дагы көп убакыт бою дарыланууга муктаж экенин билдирген. Фаид Самимдин ата-энесинде баласын мындан ары дарылатууга жана дары-дармектерин алып берүүгө каражаттары жок. Алардын бирден бир үмүтү кайрымдуулукта" , - деп жазылат маалыматта.
БУУнун берген маалыматы боюнча Йемен калкынын 80 пайызы жардамга муктаж.