Американын Никарагуа штатындагы зоопаркта өтө сейрек кездешүүчү ак бенгал жолборсу туулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Никарагуа зоопаркында туулган ак бенгал жолборсу Америкада туулган ак түстөгү алгачкы жолборс. Мындай жолборстор өтө сейрек кездешет.
"Жаңы туулган жолборско Ньевес ("кар күрткүсү") деп ат коюлду. Аны тууган энеси кароосуз калтыргандыктан ага эчкинин сүтүн берип жатат. Ак жолборстор ак түскө маани бере алган рецессивдүү генге ээ", - деп түшүндүргөн зоопарктын директору Марина Аргуэлло.
Буга чейин ак бенгал жолборсу 1958-жылы мергенчилер тарабынан атып өлтүрүлгөнү жазылат маалыматта.