Вашингтондогу баш аламандыкта 50дөн ашуун адам кармалды

АКШнын Колумбия аймагында полиция кызматкерлери 52 адамды кармашты. Алардын көпчүлүгү коменданттык саатты бузгандыгы үчүн кармалганын чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Жазылган маалыматка ылайык, Вашингтон шаарындагы нааразычылык акциясынан улам шаар мэри жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дөн баштап коменданттык саат жарыялаган.
"21:30да (жергиликтүү убакыт боюнча) 52 жаран кармалды. Алардын көпчүлүгү мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүшкөн. Кээ бирлери коменданттык саатты бузушкан", - деди жергиликтүү полициянын башчысы Роберт Конти.
Буга чейин АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтон шаарындагы Сенат залына кирип барышканы, мындан тышкары аталган шаардагы нааразычылык акциясынан каза болгон адамдардын саны 4кө жеткени кабарланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан