Орусияда аял жаңы төрөлгөн небересин өлтүрүп, таштандыга таштап койгон

Орусиянын Пермь аймагындагы Чернушка шаарында таштанды таштоочу урнадан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Ымыркай кыйнап өлтүрүлгөн деп жазышат орусиялык басылмалар.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар 2-январда таштанды салуучу урнадан ымыркайдын сөөгүн таап алышып, милицияга кабар беришкен. Окуя боюнча иш козголуп, аталган кылмышка шектелип ымыркайдын таенеси кармалган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында наристе үй шартында төрөлгөндүгү аныкталган.

Ошондой эле 59 жаштагы аял кылмыш ишин жашыруу үчүн небересинин сөөгүн кутучага салып, таштандыга ыргытып жибергенин моюнуна алган. Сот аялды камоо чечимин кабыл алып, жакынкы күндөрү анын канча жылга эркинен ажыратыла тургандыгы маалымдалат деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан