Дональд Трамп 20-январда Жо Байденге бийликти өткөрүп берет

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Жо Байденге бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берет. Бул тууралуу Дональд Трамптын социалдык тармактардагы байланыш боюнча жооптуу жардамчысы Даниэль Скавино жазган.

"Мен шайлоонун жыйынтыгына таптакыр макул эмесмин. Бирок бийликти өткөрүп берүү 20-январда талаптагыдай жүргүзүлөт", - деген Трамп.

АКШ Конгрессинин Сенаты жана өкүлдөр палатасы биргелешкен жыйында шайлоодо Трамптын атаандашы демократ Жо Байдендин жеңишке жеткендигин жактырышкан. Мындан улам полиция менен нааразычылык акциясына чыккандардын ортосунда кагылышуу орун алып, 4 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан