Баткен жаштары кытай тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту

1-октябрдан баштап Баткенде кытай тилин үйрөтүү борбору ачылды. Бул тууралуу Кытай тилин үйрөтүү борборунун директору Ли Жи Лин мырза билдирди. Анын билдирүүсүндө, кытай тилин окуу курсу Баткен мамлекеттик университетинин имаратында 3 ай  бою окутулат. Бул демилге Баткен мамлекеттик университети менен Бишкек гуманитардык университетинин Конфуций институтунун колдоосу астында ишке ашырылууда. Курста окугандар 3 ай билим алышып, аягында экзамен тапшырышат. Экзаменден ийгиликтүү өткөндөр жайында Кытайга барышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан