"Жамгыр" алтын кениндеги запастар 10 тонна алтынды түзөт. Бул ишкананын ишин жок дегенде 5 жылга узартат. Мындай пикирди өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков алтын кенге болгон иш сапарында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалым болгондой, кенди «Vertex Gold Company» тоо-кен компаниясы иштетет.
"Мен кыйынчылыктарга карабастан, октябрь окуяларынан соң компания алгачкылардан болуп ишин жанданткандыгына кубанычтамын. Бул инвесторлорго Кыргыз Республикасынын рыногундагы туруктуулук тууралуу оңдуу сигнал болду. Натыйжада, 2021-жылдын августуна пландаштырылган алтын чыгаруу фабрикасын ишке киргизүү үчүн оңдоп-жайгаруу иштери өз мөөнөтүндө башталат. Кадам сайын биз алтын өндүрүүнүн туюк циклин түзүүгө жакындап жатабыз, анда кенди казуу жана аны кайра иштетүү өлкө ичинде ишке ашырылат", - деген Артем Новиков.
Буга катар Артем Новиков жергиликтүү калкты ишкананын ишине тартуунун маанилүүлүгүн белгилеген.
"Талдоолор көрсөткөндөй, мындагы запастар 10 тонна алтынды түзөт. Бул ишкананын иши жок дегенде 5 жылга узартылат дегенди билдирет. Өкмөттүн милдети кенди өздөштүрүү боюнча силердин потенциалды пайдалануу менен экономикалык борборлорду уюштуруу жолу аркылуу аймакты өнүктүрүүнү камсыздоодо турарын жашырбайм. Ишкана жабылган соң, аймактын экономикасы туруктуу бойдон калышы абзел. Алтын чыгаруучу фабриканын ишке кириши менен өндүрүш көлөмү гана 2-3 эсеге жогорулабастан, ошол эле учурда республикалык бюджетке, аймакты өнүктүрүү фондуна салык төлөмдөрүнүн көлөмү да жогорулайт", - деп белгилеген өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.