"Ал баңгизатка берилип, токтоно албай калган". Нурсултан Назарбаев небереси Айсултандын өлүмү тууралуу үн катты

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев небереси Айсултандын өлүмү боюнча алгачкы жолу үн катты. Бул тууралуу Назарбаев казак телеканалдарынын биринде "Штрихи к портрету" даректүү тасмасында айтып берген.

"Абдан мыкты жээн неберелерим бар. Тилекке каршы, өткөн 2020-жылы алардын биринен айрылып калдык. Ал мага аябай окшош эле, ошол неберемдин эрте өтүп кеткенине катуу капаландым", - деп билдирген Назарбаев.

Ошондой эле Нурсултан Назарбаев небереси Айсултан баңгизатка берилип кеткендиктен көптөгөн өлкөлөрдө дарыланганын кошумчалаган.

"Аны эч жакка жибербей деле койсок болмок, бирок кармай да албайт болчубуз. Ал баңгизатка берилип, токтоно албай калган. Аны Москва, Лондондо дарыладык. Жакшынакай болуп чыгып калат дагы, кайра эле берилип кетчү", - деген ал.

Эске салсак, Айсултан Назарбаев 2020-жылдын 16-августунда 30 жаш курагында каза болгон.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан