Индия: Дүйнөдө биринчи жолу бала чыгаруучу "завод" ачылды
Дүйнөдө биринчи жолу Индияда бала чыгаруучу "завод" ачылды. Муну жакында чет элдик маалымат каражаттары жарыялашты. Мекеме Гуджарат штатына караштуу Ананд шаарчасында жайгашып, жүздөгөн жумушсуз индиялык аялдар баласыз чет элдик жарандар үчүн бала төрөп берип акча табышууда. Болочок ата-энелер аталган дарекке эркектин урук клеткалары менен аялдын жумурткалык клеткаларын жөнөтүшөт. Белгилүү мөөнөттөн кийин барышып, ымыркайын алып кетишсе болот. Миллиондогон доллар инвестиция салынган бул клиникада жалданма энелер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ичинде атайын бөлмө, эне-баланын өзүнчө бөлмөсү, офис, ресторан жана түркүн белектер сатылуучу дүкөн бар. Жалданма энелер ар бир бала үчүн 8 миң доллардан акы алса, болочок ата-энелер бала үчүн 28 миң доллар төлөшөт. Клиникадан 600дөй ымыркай ийгиликтүү жарыкка келгени айтылууда. Ал эми башкы дарыгер Наяни Пателдин көзөмөлүндө учурда 100дөй кош бойлуу айым бар.