Түркиянын президенти Эрдоган WhatsApp мессенжерин колдонуудан баш тартты

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган WhatsApp мессенжерин колдонуудан баш тартты. Бул тууралуу аталган президенттин маалымат кызматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мындай чечимдин кабыл алынышына мессенжердин купуялык саясатындагы өзгөрүү себеп болгон.
"Эми Түркия президентинин администрациясы WhatsApp мессенжеринде мурун түзүлгөн бардык топторду "Turkcell Iletisim Hizmetleri AS" компаниясына таандык BiP тиркемесине өткөрүп берет. Эрдогандын маалымат кызматы журналисттерди бул көрүнүштү үлгү катары алып кетүүгө үндөдү", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин WhatsApp тиркемесинин колдонуучулары Facebook мессенжерине кээ бир маалыматтарды бөлүшүп турууга милдеттүү болушкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан