Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайты маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, Токаев добуш берүүнүн жыйынтыгы Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө, социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыздоого жана мамлекетти чыңдоо боюнча программасы жалпы элдин колдоосуна ээ болгонун белгилеген.

"Казакстандын президенти бир тууган Кыргызстан менен ынтымакта, коңшулук ынак мамиледе болуп, стратегиялык өнөктөштүк боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан