Бүгүн, 11-январда Садыр Жапаров "Ала-Тоо" аянтында эл алдына чыгып сүйлөдү.
"Президенттик шайлоого аттанган биздин мекенчил, эр-азаматтарыбызга ыраазычылгымды билдирем. Талапкерлердин бардыгынын саясий салмагы, тажрыйбалары бар. Алар дагы эл урматына ээ болгон инсандар. Алардын дагы өлкөбүздү өнүктүрсөм деген ыйык тилектери бар. Мен атаандаштарымды ушул тилектери үчүн сыйлайм. Кудай буюруп президент катары толук кандуу ишке киришерим менен атаандаш талапкерлерди акыл калчап, өлкө тагдырын оң жолго салууда кеңешип, баарлашууга чакырам. Бири-бирибизге карата жалган жалаа, ушак-айыңдан эл турмушу оңолуп кетпейт. "Бөлүнгөндү бөрү жээр" дегенди унутпайлы. Азыр бизге ынтымак керек", - деди ал.