"Мындан ары көчөдө кыйкырбагыла, биз иш бөлмөгө келип маселеңерди айтууга шарт түзүп беребиз" дейт Садыр Жапаров

Мындан ары көчө оппозициясы болбойт. Мындай пикирин Садыр Жапаров бүгүн, 11-январда “Ала-Тоо” аянтында эл менен жолугушуу учурунда айтты. Анын пикиринде, алдыда бир бөлмөгө жашырынып, бир топтун же бир кишинин кызыкчылыгын коргоо жоюлуп, баары ачык болот.

“Бул жеңиш менин жеке жеңишим эмес, сиздердин жеңишиңиздер! Мындан ары өлкөдө адилеттүүлүк менен иш алып барабыз. Буга чейин башка оппоненттер айтып жаткандай диктатура деген болбойт. Сөзсүз түрдө мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн гана диктатурасы болот. Сиздерге добуш берип, ишеним артканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!

Сиздер ар бир кылган ишиме баа берип, туура эмес кылсам туура жолго буруп туруңуздар. Бирок туура эмес иш кылбайбыз. Кандай гана иш алып барбайлы, улуттук долбоордун деңгээлиндеби же башка иш болсун баары ачык болот. Кимде ким каршы чыга турган болсо, биз аларды көчөдө эмес, өкмөт үйүнө чакырып, ачык-айкын маселени талкуулаганга даярбыз.

Мындан кийин Кудай буюрса, көчө оппозициясы болбойт. Оппоненттер жана башка жарандар көчөгө чыгып кыйкырбастан биздин иш бөлмөгө келип, отурумдарга катышып, ошол жерден оюн айтканга биз шарт түзүп беребиз. Мындан ары демократиялык негизде иш алып барабыз. Мурдагыдай иш бөлмөдө бекинип алып, жалгыз кишинин же бир топтун кызыкчылыгы үчүн иш алып барбайбыз”, - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан