Бүгүн, 12-январда Жогорку Сотто Ош ОИИБинин мурдагы жектекчиси Абдылда Капаровдун мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго жана анын иниси Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго каршы моралдык зыян келтирүү боюнча өкүмүнө даттануусу каралып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттон билдиришти.
Ага ылайык, учурда соттук коллегия чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кеткени айтылды.
Абдылда Капаровдун кызыкчылыгын жактаган жактоочу Майрамбек Жумабеков күбө катары чакырылган ага-ини Жээнбековдор сот отурумуна келбегенин билдирди.
Эске сала кетсек, Жогорку Соттун соттук коллегиясы Ош ОИИБинин мурдагы жектекчиси Абдылда Капаровго байланыштуу материалдын ишин 2020-жылдын 16-декабрында карап баштаган. Анда мурдагы өлкө башчы Сооробай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жабырлануучу катары чакырылганы маалымдалган.
Окуянын чоо-жайы:
2010-жылы Капаров ал кездеги Ош облустук администрациясын жетектеп турган Сооронбай Жээнбековду 3 миллион долларды өзүнө ыйгарып алды деген маалыматы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Анда Капаровго карата "Кылмыш жасалгандыгы тууралуу атайылап жалган билдирүү жасоо", "Этностор аралык, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал эми 2017-жылы Абдылда Капаров бир тууган Жээнбековдорго моралдык зыян келтиргени үчүн төлөп берүүгө милдеттендирилген 250 миң сомго жакын каражатты төлөп бербегени үчүн кайрадан соттолгон.