Алмазбек Атамбаев: "Кийинки президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык күчүмдү жумшайм"

"Кийинки президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык күчүмдү жумшайм". Муну 4-октябрда Баткен облусундагы иш сапары учурунда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев айтты. “2017-жылы кыргыз эли жаңы президентти шайлап алат. Шайлоонун таза өтүүсү үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Европага болгон сапарымда Кыргызстандагы шайлоону таза өткөрүүгө жардам берүүнү сурандым. Мындан ары ар бир адам колдун баш бармагын маркерлөө менен добуш берет жана кошумча бюллетень таштоого жол берилбейт. Учурда мекенин талап-тоноп, өз кызыкчылыгын бийик койгондор мамлекетти куткарабыз деп чыгышты. Алардын сөзүнө ишенүүнүн кереги жок”,- деди президент. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан