Ош. 5-октябрь - Шаар күнүнө карата жаңы көчөнүн ачылышы болуп, "Алай" футбол командасына автоунаа тапшырылат

Эртең, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленет. Буга карата шаарда бир катар иш-чаралар болору күтүлүүдө. Саат 10го жакын шаарга курула турган эстакадалык көпүрөнүн курулушуна капсула салуу аземи, андан кийин Исакбек Монуев көчөсүнө уланып курулган жолдун ачылышы болот. Мындан сырткары саат 18:00дө өчпөс оттун жанында шаардагы мектептерге берилчү 150 компьютерди жана "Алай" футболдук командасына автоунаа тапшыруу аземи болот. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары, коноктор катышат. Андан соң борбордук аянтта концерттик программа майрамды улантат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан