Ооруну жеңүү үчүн 74 жаштагы бельгиялык аял бокс менен алектенип келет

Түркияда жашаган бельгиялык 74 жаштагы Ненси ван дер Стратен аттуу аял 3 жылдан бери бокс менен алектенип келет. Анын спорт менен машыгуусуна паркинсон оорусу себеп болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ненси аталган ооруну дарылоодо бокс абдан чоң жардамчы экендигин капыстан билип калганын айткан.

"Мен паркинсон илдетине чалдыккандан кийин дары-дармек жетиштүү эмес экендигин көрдүм. Мындан улам интернеттен ар кандай машыгууларды көрүп баштадым. Капысынан паркинсон илдетине чалдыккан адамдардын Америкада 20 жылдан бери, Нидерландияда болсо 10 жылдан бери бокс менен машыккандыгы тууралуу көрүп калдым. Андан кийин мен дагы спорттун ушул түрү менен алектене баштадым", - дейт Ненси.

Пандемия шарттарына ылайык карантин киргизилген учурда да Ненси ван дер Стратен машыгууларын үй шартында улантып, токтоткон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SHMIT
2021-01-14 09:57:02
Биз жатабызго телефон чукуп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан