Өзбекстанда бир үй-бүлөнүн 3 наристеси иске ууланып каза болду

Өзбекстандын Самарканд облусунун Каттакурган аймагында бир үй-бүлө иске ууланып, бойго жете элек 3 баласы каза болду. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя 12-январь күнү болуп, Д.Жураев аттуу жаран үй-бүлөсү менен газга ууланып, 3 баласы көз жумуп, өзү жубайы менен ооруканага жеткирилген. Балдары 8, 3 жашта жана эң кенжеси 1 жаш 6 айлык болгон.

Айрым басылмалар жубайлардын абалы оор экендигин жазышууда.

Учурда аталган факты боюнча медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү органдар тарабынан текшерүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан