Бүгүн, 4-октябрда Бишкекте Аттокур Жапановдун чет элдик терминдердин кыргыз тилине которулган 2 томдук сөздүгүнүн бет ачары болду. Китептин демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов экен. Депутат бул эмгек үчүн 60 миң сом бөлүп бергени белгилүү болду. Автордун айтымында, 200 нускада жарык көргөн сөздүктү чыгарууга 110 миң сом сарпталды. План боюнча котормо 7 том болуп чыгарылыш керек экен. Бул 2 томдукта "А" тамгасынан "Д" тамгасына чейинки терминдер гана кирди.