Садыр Жапаров: "Орус тили расмий статусунда калат" (видео)

Бүгүн, 13-январда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров Орусиянын "Россия 24" телеканалына маек берди.

Анда Жапаровго "Орусия Кыргыз өлкөсү үчүн стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп келесиз. Орус тили дагы бул жерде расмий болуп саналат. Орусия менен мамиле кандай өзгөрөт?" деген суроо узатылды.

"Советтер Союзу тарагыча 70 жыл бою биз СССР деген бир үйдө жашадык. Орусия менен дипломатиялык мамилебиз бар. Биз бул нерсени улантабыз. Экономикалык жана геосаясат жактан Орусия биздин негизги өнөктөшүбүз. Орус тили бизде расмий статуска ээ. Ал ошол статусунда калат" , - деди Жапаров.

Садыр Жапаров: "Орус тили расмий статусунда калат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан