YouTube АКШ президенти Дональд Трамптын каналын бир аптага жаап салды. Эми дагы узак мөөнөткө жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
YouTube "CNN Business" компаниясына Трамптын каналындагы акыркы видео "зордук-зомбулукту пайда кылды" деп билдирген. YouTube каналы Трамптын жарыялаган видеосунун бөлүшүүдөн баш тарткан.
"Кылдат текшерүүдөн кийин АКШ президенти Дональд Трамптын каналына жүктөлгөн жаңы материалдарды алып салдык жана биздин каналды зордук-зомбулук саясатына пайдалангандыгы үчүн бөгөт койдук. Натыйжада биздин илгертен бери келе жаткан бөгөт коюу шартыбызга ылайык, канал жаңы видеолорду же түз эфирлерди кеминде жети күнгө жүктөй албайт. Аны узартса болот", - деп билдирген YouTube каналынын өкүлү.
Буга чейин, "Твиттер" АКШ президентинин аккаунтун олуттуу жана улам кайталанган эреже бузуу үчүн аны толугу менен жаап салган. Ал эми "Фейсбук" социалдык түйүнү "анын ички саясаты эки жолу бузулганын" жүйө кылып, Трамптын аккаунтун белгисиз мөөнөткө жапкандыгы маалымдалган.