Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда чакан эс алуу аймагы жана жаңы балдар аянтчасы ачылды. Иш-чарага шаардын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов, шаардык кеңештин төрагасы Таалай Сабиров жана башкалар катышты. Бул долбоордун жетекчиси Медет Бүргөевдин айтымында, аллеянын узундугу 1 чакырымды түзөт.