Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева пандемиянын күчөгөн маалында Кыргыз өлкөсүнө келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн иликтеген ведомстволор аралык комиссиянын ишинин корутундусу тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Иликтөө тобуна медицина эксперттери, маалымат каражат өкүлдөрү жана ар кандай чөйрөнүн өкүлдөрү киргизилген.
Вице-премьердин айтымында, ал комиссиянын ишинин алдын ала жыйынтыктарын уккан.
"Бүгүн биз алдын ала жыйынтыктарды уктук. Натыйжалар жана тыянактар, кырдаалды өзгөртүү боюнча сунуштар коомчулукка жарыяланат. Белгилей кетүүчү нерсе, ведомстволор аралык комиссиянын жарымы алгачкы күндөрү эле иштебей калган, кимдир бирөө мүмкүн болуучу кесепеттерден чочулап, достору жана тааныштары кимдир бирөөгө келип, мындан ары жумушун улантпоону суранышкан.
Алардын ысымдарын жакынкы аралыкта жыйынтык менен кошо жарыялайбыз жана комиссия эмне үчүн түзүлгөнү тууралуу да маалымат берилет. Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусуна ылайык, пандемиядан каза болгондордун айырмасы бир нече миңди түзөт деп алдын ала кабарлай алам. Ковид-19дун биринчи толкунунун ортосунда айрым чиновниктер документтерди жашырып, дарылоо жана дары-дармек менен башаламандыкка себеп болушкан".
Мындан сырткары Сурабалдиева кээ бирлери пандемия маалында ишкерлигин жүргүзүүнү күчөткөнүн жазды.
"Катардагы дарыгерге эч кандай доомат болбойт. Дарыгерлер жарандарды баатырларча куткарып жатканда айрым жетекчилер узак мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып кетишкен. Ооруканалардын айрым башкы дарыгерлери "кызыл зоналарга" да барган эмес. Гуманитардык жардам уурдалган. Ведомстволор аралык комиссия көйгөйлөрдү ачып гана тим болбостон, аларды чечүү боюнча сунуштарды берет.
Мамлекеттик каражаттарды, гуманитардык жардамдарды, насыяларды жана гранттарды бөлүштүрүүнүн так системасы, бардык нерселерде ачык-айкындуулук болушу керек. Ар бир министрлик жана ведомство киреше жана чыгашалар жөнүндө эл алдында отчёт берүүгө үйрөнүшү керек", - деген Сурабалдиева.
Вице-премьер ошондой эле билим берүү мекемелеринин ачылышы боюнча өз пикирин билдирип, баары жагдайга көнүшү керектигин, анткени жарандар жана экономика мындан аркы чектөөлөргө туруштук бере албай турганын белгилеген.
Ал 2021-жылдын февраль, март жана апрель айларында илдетке кабылгандардын саны өсүшү мүмкүн экенин эске салган. Вице-премьердин айтымында, өкмөт ондогон ооруканаларды кура алат, ондогон "Тез жардам" унааларын сатып келет, бирок дарыгерлер жетишсиз болот.