4-октябрда Баткен шаарында Жаштар үйүнүн ачылыш аземи болду. Ага президент Алмазбек Атамбаев, эмгек мирация жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Президент өз сөзүндө Баткендин жана жалпы эле Кыргызстандын жаштарына кайрылып: “Бөтөн жердин султаны болгуча, өз жериңдин ултаны бол" дегендей, татыктуу билим алуу керек, мындай Жаштар борборлорунан билимиңерди өстүрүп кыргыз жерине кызмат кылгыла",- деди. Мамлекет башчы Жаштар үйүнө музыкалык аппарат белек кылды.