Оштогу 20-24-чек ара аскердик кызматындагы жоокер Ислам Абдыкарим уулун сабагандардын бири А.у.П. шарттуу түрдө эки жылга эркинен ажыратылды. Экинчисинин соттук иши уланууда. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Мээрим Русланова SUPER.KG порталына билдирди.
Оштогу 20-24-чек ара аскердик кызматында сабалган жоокер Ислам Абдыкарим уулунун апасы 6 айдан бери соттук ишинин жүрүшүнө канааттанбай жатканын билдирди. Ал уулунун ден соолугуна кеткен чыгымдарды өзү төлөп жатканын, баласын сабаган сержанттардын экинчиси А.Н.га карата көрүлгөн сот чечими тууралуу жооп ала албай жатканын айтып, башында койгон талаптарын өзгөртпөй турганын билдирди.
"Уулумдун соттук иштери боюнча тергөөчүдөн толук маалымат ала алган жокмун. Себеби балам сабалгандан кийин Ош облустук психикалык ооруканасына үч жолу жаткырабыз дегенден аларга ишенбей уулумду Кызыл-Жар психикалык ооруканасына алып кетип, эки ай дарылаткам. Ошол жакка алып кеткеним үчүн тергөөчү "кечиктирип алып келдиниз" деген куру доомат коюп, мени кайра-кайра жазып, сурабашымды айтты. Мен тергөөчүдөн сурап билбесем кимден сурайм? Жактоочудан сурап жазсам жооп бербесе. Уулумдун ден соолугуна кеткен чыгымдарды эч ким төлөп берген жок. Беш айдан бери өзүм каржылап келем. Баламды сабаган экинчи сержант А.Н.га карата чара көрүүсүн жана соттук иштери тууралуу маалымат берүүсүн талап кылам жана башта койгон талаптарымды өзгөртпөйм", - деди жоокердин апасы Гүлзат Атабекова.
Ислам Абдыкарим уулун сабаган сержанттардын соттук иштери тууралуу билүү үчүн тергөөчүгө кайрылганыбызда жооп берүүдөн баш тартты. Ал эми жабырлануучунун жактоочусу Мээрим Русланова менен байланышканыбызда, ал төмөнкүдөй түшүндүрдү.
"Оштогу 20-24-чек ара аскердик кызматын өтөп жаткан Ислам Абдыкарим уулун сабаган сержант А.у.П.га карата Жазык кодексинин 321-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, Ош шаардык соту шарттуу түрдө эки жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ага карата Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде, айыпталуучу А.у.П. бир жылга пробациялык көзөмөл дайындалды. Айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды. Соттолуучу А.у.П. туруктуу жашаган жериндеги пробация органына каттоого туруп, мезгил-мезгили менен каттоодон өтүп туруусу, алардын уруксатысыз туруктуу жашаган жерин өзгөртпөөсү милдеттендирилди. Ал эми экинчи сабаган сержант А.Н.га карата соттук териштирүү иши жүрүп жатат. Сот чечими чыга элек", - деп жооп берди жактоочу.
Бегилей кетсек, өткөн жылдын 22-майында Ислам Абдыкарим уулу Таш-Көмүр шаарынан Оштогу 20-24-чек ара аскердик кызматына чакыртылган. Ал үч жолу текшерүүдөн өтүп, аскердик кызматка кабыл алынган. Катардагы жоокер эки айдан кийин, июлда сержанттар тарабынан сабалып, аскердик ооруканага жаткырылган. Бирок абалы оорлошкондуктан анын жүлүнүнөн суу алышкан жана ага "мурда психикалык оорусу болгон" деген диагноз коюлуп, Ош облустук психикалык ооруканасына жаткыруу тууралуу дарыгерлер кеңеш берип, апасы каршы чыккан. Ал Исламды Бишкек шаарына алып келип ЮРФАдан кайрадан текшерүүдөн өткөргөн. Анализдин жыйынтыгы терс чыгып, мурда психикалык оорусу
жок экени аныкталган.