Оштогу 20-24-чек ара аскердик кызматында сабалган жоокер Ислам Абдыкарим уулу 2 айдан бери психикалык ооруканада жатат. Анын ден соолугу азыркы учурга чейин калыбына келе элек. Исламдын апасы Гүлзат Атабекова уулун сабагандарга карата мыйзам чегинде чара көрүлүүсүн жана баласынын ден соолугу баштагыдай абалга келүүсүнө бардык чаралардын көрүлүүсүн талап кылат.
Бишкек шаарынын тургуну Гүлзат Атабекова жалгыз бой эне. Ал төрт кыз, бир уулду тарбиялап келет. Эненин жалгыз уулу Ислам Абдыкарим уулу ушул жылдын 22-майында Таш-Көмүр шаарынан Оштогу 20-24-чек ара аскердик кызматына кызматка чакыртылган. Ушул эле жылдын июль айынын ортосунда Гүлзат Атабекова уулу Ислам менен уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, анын сабалган абалын кокусунан байкап калып сүйлөшүү учурунда сүрөткө тартып алган. Бирок "жигиттик болгон го" деп көп маани берген эмес. Бир нече күндөн кийин рота командири Азамат Исламов баласынын Ош облустук ооруканасына жаткырылганын жана анын жүлүнүнөн суу алына тургандыгын айткан. Ошондон кийин Гүлзат Атабекова уулунун оор абалда экенин сезип Ош облустук ооруканасына барган.
Ал кандай себептерден улам уулунун жүлүнүнөн суу алынганы тууралуу териштирген. Сыздаган эне аскер кызматын өтөп жатып сабалган уулунун окуясы тууралуу SUPER.KG порталына баяндап берди.
"Уулум Ислам үч жолу текшерүүдөн өтүп, аскердик кызматка чакырылган. Аскердик кызматын өтөп жатып ушул жылдын июнь айында сабалды. Эмне себептен сабалганын оңой менен айтып берген жок. Акыры териштип билгенимде түнкү саат 12:30 чамасында 2 сержант (ред. аттары жазылган жок) Исламды жана ошол жердеги дагы башка жоокерлерди чакыртып "танктын ачкычын таап кел" деп буюрганда Ислам "танктын ачкычы жок" деп жооп кайтаргандыгы үчүн анын жаагына жана ичине катуу сокку менен урган. Ошол күнү кечинде башы ооруп, жүрөгү айланып кусуп жатып калат. Ал оорусун сездирбей кызматын уланта берет. Абалы оорлошкондо аны аскердик ооруканага жаткырып дарылатышып, бир аз жакшы болгондо кайра кызматка чыгарышкан. Баламдын абалы оорлошкондо гана мага кабарлашты. Менин уруксатымсыз уулумдун жүлүнүнөн суу алдыргандыгы жөнүндө Ош облустук оорукананын дарыгери Акмал Юлдашев "шашылыш түрдө" деп айтты. Баламдын ден соолугу жакшы боло электе эле кызматка чыгарышкан. Ошол учурда уулума жолукканы барганымда тузсуз, даамсыз тамак жеп жатканын көрүп ичим сыздады.
Акыркы ирет "Тез жардам" унаасы менен ооруканага алып барганыбызда дене табы көтөрүлүп, күч-кубаты жок, эс-учун жоготкон абалда бардык. Уулум Исламды буга чейин психикалык оорусу болгон деп психикалык ооруканага калтырарын айтышканда мен макул болбой, арыз жазып уулумду борбор шаарга алып кеттим. Бишкектен ЮРФАга текшертип, анализ тапшыртканда эч кандай психикалык оорусу жоктугу аныкталды. Буга байланыштуу мен Ош облустук аскердик прокуратурага арыз менен кайрылдым.
Мен Оштогу дарыгерлерге эле эмес, 20-24-Аскер кызматкерлерине ишеничим жоктугун айтып, тил кат жазып Республикалык Кызыл Жар 12-психикалык ооруканасына алып келдим. Бул жакта жатканыбызга бир айдан ашуун убакыт өттү. Ага чейин Республикалык госпиталда, Ошто облустук ооруканада жатты, төрт айга карап калса да, аскер тергөөсүнөн же болбосо облустук соттон бир жыйынтык уга элекмин. Менин талабым уулумду сабагандар мыйзам чегинде жазалансын. Мурда психикалык оорусу болгон деп туура эмес диагноз койгон дарыгер айткан сөзүн далилдеп берсин.
Урматтуу ата-энелер, менин дагы балам ооруканага жатпаганда сиздер сыяктуу билмек эмесмин. Мен 22-24-Аскер кызматкерлери, жоокерлерден колуңарды тарткыла деп жалпы ата-энелердин атынан талап кылам", - деп билдирди Ислам Абдыкарим уулунун апасы.
Бул тууралуу SUPER.KG порталы окуяга тиешелүү органдарга кайрылганда, тиешелүү тарап так маалымат берүүдөн баш тартты. Башкы прокуратуранын берген маалыматына ылайык, Ислам Абдыкарим уулун сабагандарга карата соттук териштирүү иши жүрүп жаткандыгын жана бул иш аягына чыкканда толук маалымат бере тургандыгын айтышты.
Сүйлөшүү учурунда тартып алынган сүрөт.