Ош. Мэрия "Алай" футболдук клубуна автобус, команда капитанына жеңил автоунаа тапшырды

Бүгүн, 5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата мэрдин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов шаардагы мектептерге 150 даана компьютер белек кылды. Ал эми "Алай" футболдук клубуна автобус, команда капитанына жеңил автоунаа тапшырды. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, шаар жетекчилиги, өлкө аймактарынан келген коноктор катышты. Мугалимдерге компьютерлерди тапшырып жатып, шаар башчы "окуучуларга республикалык олимпиадаларда жеңишке жетише тургандай билим беришиңер керек",- деп белгиледи. Ошондой эле олимпиадада жеңүүчү болгон ар бир окуучунун мугалимине 5000 доллар бериле турганын айтты Мырзакматов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан