Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун 70 жылдык мааракеси Ноокаттын Көк-Бел айылында белгиленди. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Бөдөш Мамырова, Турсунбай Бакир уулу, Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков, Н.Исановдун уул, кызы Алмаз Исанов менен Мария Исанова, район акимдери жана жергиликтүү тургундар катышты. Мария Исанова атасын эскерүү сөзүндө: "Атам бизге байлык, бийлик эмес, баарынан жогору турган адамдык сапатын таштап кетти",- деди. Иш-чара эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолду.