УКМК: "Кылычбек Саркарбаевдин туугандары келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 1 миллион сом төлөп беришти"

УКМК тарабынан кармалган Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин тергеп жатат.

"Ош шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитетинин жооптуу адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма спорттук төлөмдөрдү, аймактан тышкары жерлерге саякаттоо, спортчуларга бир жолку төлөмдөрдү төлөө жана спорт формаларын сатып алуу менен бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз өздөштүрүп алышкандыгы аныкталды.

Ушул сотко чейинки өндүрүштү объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо максатында аудиторлорду тартуу менен тиешелүү текшерүүлөр дайындалды. Сотко чейинки процесстин алкагында, Кылычбек Саркарбаевдин туугандары келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өз ыктыярлары менен 1 миллион сом төлөп беришти.

Учурда бардык зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча айыпталуучулардын аракеттерине укуктук баа берилет", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Кылычбек Саркарбаев үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан