Жасалма документ колдонуу фактысы менен кармалып, эки айга камакка алынган Кылычбек Саркарбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.
Кылычбек Саркарбаев 2020-жылдын 16-декабрь күнү УКМК тарабынан кармалган. УКМК 1987-жылы 20-январда туулган Кыргыз Республикасынын жараны Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин паспорт алуу мыйзамдуулугун текшерүүдө документте жасалмалоо фактысын аныктаганын билдиришкен.