6-октябрда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик жана коомдук ишмер Насирдин Исановдун 70 жылдык мааракесине карата эстелигинин ачылыш аземине катышты. Эстелик Ош облусунун Ноокат шаарындагы Н.Исанов атындагы эс алуу багында орнотулган."Кайсы жерде иштебесин, кандай кызматты ээлебесин, кичи пейилдиги, тазалыгы, калыстыгы менен калктын кадырына арзыган. Ак ниет адам катары элдин эсинде калган. Насирдин Исановдун өмүр жолу ар бирибизди мекенчилдикке, жаратмандыкка, тазалыкка үндөп турат. Кыргыз эли Насирдиндей уулдарын эч качан унутпайт. Учурда Кыргызстан ушундай адамдарга – Мекен үчүн иштеген, таза, чынчыл, ак ниет жетекчилерге муктаж”, - деди Алмазбек Атамбаев.Президент ошондой эле Тарых музейиндеги Насирдин Исановго арналган жаңы залдын ачылышына катышты. Иш-чарага премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров жана парламенттин бир катар депутаттары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондун ардагерлери, Насирдин Исановдун жакындары жана туугандары катышты.