Бүгүн, 7-октябрда Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электрдин” басма сөз кызматынан маалымдашты. Борбор калаадагы электр линияларындагы оңдоо иштеринен улам саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардын Республика, Жибек Жолу, Коммунаров, Берёзов, Лесхоз көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт.