БШКнын төрайымы президенттин ант берүү аземин уюштуруу комитетинин алгачкы жыйыны бүгүн өтөрүн айтты

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттин ант берүү аземин уюштуруу комитетинин алгачкы жыйыны бүгүн өтөрүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-январда маалымат жыйында билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов "Жаңы шайланган президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Ант берүү аземи 28-январда өтөрү айтылган.

Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Шайлдабекова Нуржан Кармабековна — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Новиков Артём Эдуардович — Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Аманбаев Бактыбек Абдилашимович — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси;

Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевич — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси;

Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы;

Казакбаев Руслан Айтбаевич — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Ниязбеков Улан Омоканович — Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Ажикеев Бообек Эргешович — Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Мукашев Кыялбек Белекович — Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович — Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;

Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Түлөбаев Балбак Зарлыкович — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;

Алиев Бактияр Жеңишбекович — Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;

Жумаев Алтынбек Мусаевич — «7 канал» ТРК жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан