УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев өзүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча маалымат жыйын берүүдө.
"Мени коррупционер катары көрсөтүп, элди даярдап жатышат. Жазга чейин мени камап тынчытыш керек болуп жатат. Эртең же бүрсүгүнү дагы бир нерсе алып чыгабы деп коркуп жатышат. Бул саясий өч алуу болушу мүмкүн. Мени түрмөгө камайбы айырмасы жок. Камаса дагы чындыкты айта берем. Айылымда жер тилкем болуп ошо менен оокат кылып жатсам сыймыктаныш керек. Мен бирөөлөрдөн тартып алган эмесмин", - дейт ал.
Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоду.
"УКМКнын мурдагы жетекчиси А.Сегизбаев Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузушуп, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүктөрүнө кол салышып, мыйзамсыз ээлеп алуу максатында коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 гектар жайыт жерин мыйзамда көрсөтүлбөгөн башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуштарды жүргүзүп, андан кийин кылмыштуу кыймыл-аракеттерин жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон.
Ошону менен бирге Сегизбаев жакын туугандарына Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жер тилкелеринин алгачкы ээлеринин атынан ишеним каттарды жасалмалашып бул кылмыштуу кыймыл-аракеттерине мыйзамдуу түр жаратуу максатында Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алышып, жогоруда белгиленген жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 гектар айыл чарба багытындагы 92 жер тилкелерин жеке менчиктерине өткөрүп алышкан.
Мындан тышкары, Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөндүгү, ошондой эле анын жакынынын наамына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү жана электр энергиясы камсыз кылынгандыгы аныкталган", - деп жазылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.
Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 319-берене менен (коррупция) катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.