Буга чейин "Шаар парктары" ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева Бишкектин Октябрь райондук акимчилигине 25-январда Дайыр Асанов атындагы паркка артиллериялык аскердик техника кирери тууралуу жазылган каттын сүрөтүн жарыялаган. Бул маалымат социалдык тармактын айрым колдонуучуларынын кайчы пикирин жаратканы маалым.
Бул маалыматтан улам жаңы шайланган президенттин кызматка киришүү аземинде артиллериялык аскер техникасын колдонула турганын SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.
Анын маалыматына ылайык, артиллериялык аскер техникасын колдонуу иш-чаранын башкы белгилеринин бири жана дүйнө жүзүндө кеңири таралган тажрыйба болгондуктан, ал олуттуу чыгымды талап кылбайт.
“Инаугурация аземи мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара. Президенттик кызматка киришүү менен ал өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болот. Андыктан артиллериялык аскер техникасын колдонуу – аталган иш-чаранын башкы белгилеринин бири жана эң кеңири таралган тажрыйба.
Артиллериялык түзүмдөр, кандай болгон күндө дагы, күндөлүк режимде аскердик даярдык деңгээлин кармоого тартылгандыктан, ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгын баса белгилегим келет. Аскерлерди даярдоо планына ылайык, артиллериячылар аскер даярдыгы боюнча пландык машыгууларды өткөрөт. Андан улам бул учурда кошумча эч кандай чыгымдар болбойт, муну мен ишендирүү менен айта алам”, - деп белгиледи Байтерек.
Президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январь күнү өтөт.